Кыргызстанда ЖККУнун терроризмге каршы машыгуулары башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековАскердик машыгуулардагы жоокерлердин архивдик сүрөтү
Аскердик машыгуулардагы жоокерлердин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күз башынан бери өтүп келе жаткан экинчи иш-чара. ЖККУ машыгуулары 4-7-октябрь күндөрүнө белгиленген.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү Балыкчыда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин ыкчам аракеттеги аскер күчтөрүнүн "Рубеж-2016" аттуу машыгуулары баштала турганын Башкы штаб билдирди.

Баягы, атактуу, айтылуу Катюшанын кийинки мууну – Град - Sputnik Кыргызстан
Согуш таалаасын элестеткен аймак. Тик учактар, танкалар, бомбалоочу учактар
"Тоолуу аймакта согуштук аракеттерге даярдануу жана өткөрүү" темасындагы машыгуулар 4-7-октябрь күндөрү "Эдельвейс" аскер полигонунда өтмөкчү. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстандын жоокерлери менен КРдин ИИМ жана ӨКМнин атайын дайындоодогу өздүк курамы катышат.

Эскерте кетсек, буга чейин 15-21-сентябрь күндөрү "Эдельвейсте" Шанхай кызматташтык уюмунун "Тынчтык миссиясы-2016" аттуу машыгуулары өтүп, ага Кыргызстан, Тажикстан, Россия, Кытай жана Казакстандын аскер күчтөрү катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0