Апрель окуясында бутунан ажыраган милиционерге акчалай жардам берилди

© Фото / пресс-служба УПМБишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын жетекчилиги укук коргоо органдарынын ардагери Алмазбек Акчекеевге жардам берди
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын жетекчилиги укук коргоо органдарынын ардагери Алмазбек Акчекеевге жардам берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карылардын эл аралык күнүндө Кайгуул милициясынын өкүлдөрү ардагерлеринен барып кабар алышты.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын жетекчилиги өз ишин укук коргоо органдарынын ардагери Алмазбек Акчекеевге жардам берүү менен баштады. Бул тууралуу шаардык кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирди. 

Акчекеев 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтынан жаракат алып, эки буту тең кесилген.

"Акчекеев Бишкек ШИИБинин курамында 2000-жылдан бери эмгектенген. 2010-жылы апрель окуяларында кызмат өтөп жатып, жарылган гранатадан жаракат алган. Анын кесепетинен эки буту кесилген", — деп милициядан маалымдашты.

Милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ош ОИИБ: картондо уктаган Исхактын атасы Эрлан эки жылдан бери дайынсыз
Акчекеевге 15 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык беришти. Учурда милициянын жетекчилиги милиционердин турак-жай маселесин жакшыртууга жардам берүү жагын карап жатат.

Андан сырткары ишемби күнү — карылардын эл аралык күнүндө Бишкек ШИИБдин кайгуул милициясынын башкармалыгы өзүнүн ардагерлеринин да абалын сурашты. Аларга акчалай жардам менен азык-түлүк берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0