ӨКМ: Төө-Ашууга 32 сантиметр кар жаады

© Фото / Александр ФедоровБишкек — Ош унаа жолунун архивдик сүрөтү
Бишкек — Ош унаа жолунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кар Ысык-Көл менен Жалал-Абад облустарынын ашууларына да жаады.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Төө-Ашууга 32 сантиметр кар түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кар жекшемби күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарына жааган.

"Ашуунун түндүк тарабына түшкөн кардын калыңдыгы 8-14 сантиметрге, ал эми түштүк жагында 32 сантиметрге жеткен", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Ала-Бука — Каныш-Кыя (Чаткал району) Чапчыма ашуусундагы кардын калыңдыгы 5-10 сантиметр болсо, Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуудагы кар 10-25 сантиметрге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0