КР мугалимдери кесиби тууралуу: балдарга тек гана мээрим төгүш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМугалимге гүл берип жаткан окуучунун архивдик сүрөтү
Мугалимге гүл берип жаткан окуучунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда болжол менен 75 миң мугалим эмгектенет. Алардын жасаган эмгеги сый урматка татыктуу.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жыл сайын октябрдын биринчи жекшембисинде мугалимдердин күнү майрамдалып келет.

Биздин мугалимдердин айлык маянасы өтө чоң эмес. Бирок ага карабастан алардын көпчүлүгү өмүрүнүн тең жарымын балдарга билим берүүгө арнашат. Кыргызстанда ар бир мугалимге болжол менен 14-16 окуучу туура келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мугалимдердин агартуучулук кесиби тууралуу ой пикирлери менен бөлүшүүнү туура көрдү.

© Фото / Юрий ВласовАнтонида Зырянова орус тили жана тарых сабактары боюнча сабак берет
Антонида Зырянова, преподаватель русского языка и истории - Sputnik Кыргызстан
Антонида Зырянова орус тили жана тарых сабактары боюнча сабак берет

Антонида Зырянова орус тили жана тарых сабактары боюнча Маевка айылындагы №1 мектепте сабак берет. 55 жылдык эмгек тажрыйбасы бар. 

"Пенсия курагына келгеним менен сабак берүүнү токтоткон жокмун. Мугалимдик кесипти көптөн бери иш катары эсептебей калгам. Себеби бул менин жашоо образым. Ал эми окуучулар менин балдарым", — деди мугалим.

© Фото / Максат МузулмановКыялбек Акматов кыргыз тили жана адабият мугалими
Кыялбек Акматов, преподаватель кыргызского языка и литературы - Sputnik Кыргызстан
Кыялбек Акматов кыргыз тили жана адабият мугалими

Кыялбек Акматов кыргыз тил жана адабияты боюнча Оштогу Алишер Навои атындагы гимназияда сабак берет. Эмгек тажрыйбасы 15 жыл.

"Мектепте беш жыл бир жылдай эле өтүп кетет. Ушунча убакыт кандайча өтүп кеткенин байкабай деле калдым. Мен мугалим болуу менен чектелбестен балдарга акыл айтып, кээде досу дагы болуп берем. Ошол себептен ар дайым үлгүлүү болууга аракет жасайм. Себеби окуучулар мугалими менен сыймыктанып турса жакшы да", — деп билдирди Акматов.

© Фото / Рада ГалкинаМарина Галкина тарых сабагынан мугалим
Марина Галкина(в центре), преподаватель истории - Sputnik Кыргызстан
Марина Галкина тарых сабагынан мугалим

Марина Галкина Чүй облусундагы Ленин айылындагы мектепте тарых сабагынан мугалим. 25 жылдык тажрыйбасы бар.

"Негизи балдар менен күн өткөрүү кызыктуу, бирок оңой дагы эмес. Себеби окуучулар ар күн сайын сабакка даярданып келишпейт. Анткен менен билим алууларына колдон келген жардамды көрсөтүп келем", — дейт Галкина. 

© Фото / Алтын Маматова Кыздархан Перханова кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалим
Кыздархан Перханова, преподаватель кыргызского языка и литературы - Sputnik Кыргызстан
Кыздархан Перханова кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалим

Кыздархан Перханова Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы №17 Масалиев атындагы мектепте кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалим. 32 жылдан бери эмгектенет.

"СССР убагындагы окуучуларга караганда азыркылар кыйла өзгөрүштү. Компьютер, гаджеттер…Бирок балдардын көңүлүн сабакка бөлүү менин милдетим. 32 жылдык тажрыйба оңой эмес. Бул жылдар аралыгында балдарды түшүнүүгө жетиштим", — дейт Перханова.

© Фото / Мария Захарова Марина Талканбаева башталгыч класстын мугалими
Марина Талканбаева, учитель начальных классов - Sputnik Кыргызстан
Марина Талканбаева башталгыч класстын мугалими

Марина Талканбаева Бишкектеги №29 мектепте башталгыч класстарга чейинки балдарга сабак берет. 6 жылдык эмгек тажрыйбасы бар.

"Балдарды жакшы көрүш керек. Антпесе бул иште көпкө чыдоого мүмкүн эмес. Эреже жөнөкөй, балдарды жакшы көрсөң алар дагы сени жакшы көрүшөт" — дейт Талканбаева.

© Фото / Даван Мамбетакунов Аида Таалайбек кызы кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет
Аида Таалайбек кызы, преподаватель кыргызского языка и литературы - Sputnik Кыргызстан
Аида Таалайбек кызы кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет

Аида Таалайбек кызы кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. 18 жылдык тажрыйбасы бар. Ал Нарын облусундагы Ат-Башы районундагы Талкан Керималиев атындагы мектепте сабак берет. 

"Мен бул кесипти тандап алганыма эч качан өкүнгөн жокмун. Балдар менен иш алып баруу мага дем күч берип келет. Мына азыр менин балам, менин окуучум Олимпиададан биринчи орунду алып келди. Бул окуучум экөөбүздүн жеңишибиз", — деп кубанды Таалайбек кызы.

© Фото / Аида Исмаилова Тамара Грошева Лебединовка башталгыч класстарынын мугалими
Тамара Грошева, учитель начальных классов - Sputnik Кыргызстан
Тамара Грошева Лебединовка башталгыч класстарынын мугалими

Тамара Грошева Лебединовка айылындагы №2 мектептин башталгыч класстарына сабак берет. 11 жылдык тажрыйбага ээ.

"Балдарды билимге кызыктуруу үчүн ар качан жаңы оюндарды ойлоп табуу зарыл. Алар менен карып кетүү мүмкүн эмес. Себеби балдар жаштыктын эликсири", — дейт Грошева.

Жаңылыктар түрмөгү
0