Ажылык сапар учурунда эки зыяратчы көз жумду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАжыдагы мусулмандар. Архивдик сүрөт
Ажыдагы мусулмандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен ажылык сапарга аттанган мекендештердин акыркы тобу Ош шаарына конду.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ажылык сапар учурунда Ош жана Жалал-Абад аймактарынан баргандардын ичинен эки зыяратчы каза таап, маркумдардын сөөгү ошол жакка көмүлдү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттан маалымат кызматынан кабарлашты.

"Алардын бири Жалал-Абад облусунан барган 86 жаштагы карыя, экинчиси – Ош шаарынан барган, жашы 68тен ашкан жаран болду. Маркумдардын сөөгү Меккеге коюлду",— деди муфтият кызматкери.

Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, анын баасы 2600 долларды түзгөн.

"Ажылык сапарга аттанган Кыргызстандыктардын акыркы рейси бүгүн Ош шаарына конду. Буюрса, ушуну менен зыяратчылардын баары келип бүттү", — деп кошумчалашты муфтияттын маалымат кызматынан. 

Ажыга бара турган зыяратчылардын биринчи тобу 17-августта Сауд Аравиясына учуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0