Өмүркулов ЕККУда: Кадыржан Батыров өз сөзү менен өлкөдөгү тынчтыкты бузууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архивдик сүрөт
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улут аралык араздашууну козутуп, 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган Батыров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунда сөз сүйлөгөн.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. ЕККУнун жыйынында ар кыл адамдарга сөз берүү эрежелерин карап чыгуу зарыл. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Македонияда өтүп жаткан ЕККУнун Парламенттик ассамблеясында сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, улут аралык араздашууну козутуп, 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган Батыров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунда сөз сүйлөгөн. Анда Конституциянын өзгөрүшүнө каршы экенин, анын өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу жаңы кылмыш ишинин козголушуна жана учурда абакта отурган Азимжан Аскаровго чыккан соттун чечимине нааразычылыгын билдирген.

"Издөөгө алынган Кадыржан Батыровго окшогондорду ЕККУнун жыйынында сүйлөшү бир канча нааразычылыктарды жаратат. Анын билдирүүлөрүнөн Кыргызстанда жасаган кылмыштарынан качуу аракет кылганы байкалат. Батыровдун улуттар аралык араздашууга чакырык жасап жатканы — чектен ашкандык", — деди Өмүркулов.

Ал бир канча адамдардын канын төгүүгө себепкер болгон адамдын ЕККУдун трибунасынан туруп алып сөз сүйлөшү бүтүндөй уюмдун аброюна көлөкө түшүрүп жатканын кошумчалады.

"Биз учурдагы абалды эске алуу менен бүтүндөй дүйнө өлкөлөрүнө кайрылып, криминалдык негиздеги кайрылууларга орун бербөөгө чакырабыз. ЕККУнун ар кыл адамдарга сөз берүү эрежелерин карап чыгуу зарыл. Анткени бир тараптуу билдирүүлөр улуттар аралык араздашууга алып келиши мүмкүн", — деди депутат.

2010-жылдагы июнь окуяларында улут аралык жаңжалдын уюштуруучуларынын бири экени аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ТИМи кылмышкер Батыровго качкын макамы берилгенине кабатыр болуп жатат
Эске сала кетсек, ЕККУнун парламенттик ассамблеясында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, "Өнүгүү-Прогесс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдер сөз сүйлөшөт.

КР ТИМи соттолгон кылмышкерге сөз берилгенин кескин сындап чыккан. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы катуу талкууланып, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кескин түрдө ЕККУнун жетекчилигине нааразылык билдирген. Министр ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Батыровго сөз берүүнү Кыргызстанды сыйлабагандык катары сыпаттаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0