02:05 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев

Мамакеев: атынып, тамтыксыз бычак жеп, ичегисин көйнөгүнө ороп келгендер жашап кетишти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12926164

Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев бүгүн 89 жаштын кырында. Кылымга чукулдаган өмүр. 30 миң операция артта калыптыр. Чарчап кеткен учурда азыр операцияларды кресло койдуруп алып жасайт.

Залкар хирург журналист Гүлдана Талантбековага иш учурундагы кызыктуу, жан кейитээрлик, таң калыштуу окуялар туурасында айтып берди.

— Мамбет агай, эртең менен жардамчыларыңыз төрт операцияңыз бар деп кетирип жиберишти эле. Чарчаган жоксузбу?

— Мен эми токсонго кетем. Иштегениме 64 жыл болду. Кудайга тобо, күнүгө үч-төрт, кээде жети-сегизден операция жасайм. Такыр чарчабайм. Эми азыр жашым деле бир топко келип калды. Креслого отуруп алып жасачу болдум.

— Көбүнчө кандай операцияларга ыктап калдыңыз?

— Баарын жасайм. Тез аранын ичинде операция боло турган оорулуунун баарын ушул жерге алып келишет. Мындайда эч бир дары-дармек жардам бере албайт. Сокур ичеги болуп, өтү жарылып, ашказан жарасы кыйнап, ичегиси түйүлүп, заарасы буулуп, бычак сайылып, тыбырап ооруп келгендер түшөт. Бизде беш мүнөт кечиксең, адам өлүп калат. Анан Тез жардам менен келгендерди көрүп операция жасаш керек экендигиңди айтсаң "өмүрү бычак тийбеген денемди соесуңарбы" деп жаман көрүшөт. Биз менен айтышып жатып өздөрү да убакытты созуп жиберишет. Анан өмүрдү сактап калуу кыйынга турат. Бул түшүнүктү жок кыла албай койдук. Илгери врачтар менен бейтапканалар аз дечүбүз. Азыр кудайга шүгүр. Бирок жанагы түшүнүк ошол боюнча жашап келе жатат. 
Хирург и общественный деятель, почетный директор Национального хирургического центра Кыргызской Республики, действительный член Национальной Академии наук КР, доктор медицинских наук, профессор Мамбет Мамакеев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев: Тез жардам менен келгендерди көрүп операция жасаш керек экендигиңди айтсаң "өмүрү бычак тийбеген денемди соесуңарбы" деп жаман көрүшөт

Баскан жол: 64 жылдагы 30 миң операция

— Агай, ошондо өмүрүңүздө канча операция жасадыңыз?

— Журналда жазылып турат. 64 жылда отуз миңге чукул болуп калды. Өмүрүмдүн үчтөн бир бөлүгү бейтапканада өттү. Германиянын көптөгөн жеринде болдум. Аларда алтымыштан өткөндөн кийин жасабайт экен. Анан мени угуп алып таң калышпадыбы.

— Операция учурунда колу-башыңыз калчылдабайбы?

— Ооруган киши сага өмүрүн ишенип берет. Көз жакшы көрбөй, кол калчылдаса, эмне кылып жатканыңды түшүнбөсөң, анда операцияга жолобошуң керек. Бир кулагым эле начарлап калбаса, калган дени-кардым соо. Бул жакта тартип да катуу. Ичип алып иштегендерди жолотпойм. Эки жылдан бери бул жакты уулум, профессор Канат Мамакеев жетектейт. Пенсияга чыкканыма деле көп болду. Көнгөн иш калбайт экен. Жасайм деп жулунбайм. Жумушка ар дайым таңкы жетиде келем. Өмүрүмдө бир да жолу кечигип көргөн эмесмин. Мен тарбиялаган илимдин 15 доктору, илимдин 26 кандидаты бар. Хирург балдары тың. Мен билгендин баарын билишет. Кудай жалгап, көңүлүм тынч.

— Хирургдун бычагы сизге да тийгенби? Өмүрүңүздө канча жолу өзүңүзгө жасаттыңыз?

— Эркектин табарсыгынын алдында аденома деген без болот. Тукум ошол аркылуу өтөт. Жаш өткөн сайын без заара өткөрбөй кысып, шишип баштайт. Сексен жашымда ошондой белги болгондо алдырып салдым. Көзүмдүн да он жыл мурун хрусталы агарып кетип, алдырдым. Быйыл мартта Германияга барып жүрөктүн чоң кан тамыры — толтону жасатып келдим. Ал кан тамыр чоңоюп отуруп бир күнү жарылса, адам "а" дегенге жетишпей кете берет. Өмүрүмдө ушул үч операцияны жасаттым.

Алгачкы операция. Эки ооз орусча сөз билбеген башталыш…

— Агай, келиңиз, операция учурундагы окуялар тууралуу сүйлөшөлү. Алгачкы жолу жасаган операцияңыз эсиңиздеби?

— Окууну бүткөндөн кийин ушул клиникага калдым. Эки-үч жылга чейин өз алдымча операция жасатышкан жок. Анан профессор бир күнү эртең грыжа менен сокур ичегини жасайсың деди. Мен бир шарт койдум. "Ассистент катары мага эч нерсени айтып бербеңиз, эгер бир жеринен жаңылсам, ошол замат сизге өткөрүп берем" дедим. "Макул" деди. Таң аткыча сарсанаа болгонум менен эртеси ийгиликтүү жасадым. Профессор "Мамакееву уже можно" деп кийинкилерине уруксат берди. Менин тарыхым чоң. Институтка келгенде "да", "нет" деген сөздү билчү эмесмин. Алыскы кыргыз айылында чоңойдум, бир орус көргөн жокпуз. Орус тил мугалими да болгон эмес. Шаарга жылаңайлак, жылаңбаш болуп келдим. Китеп, карандаш деген жок. Эптеп эле кат таанып келгенбиз. Институтта эки ай отуруп, эч нерсе түшүнгөн жокпуз. Эки айда жүз элүү бала чогулса, кайра эки ай өткөндө жүзү жоголуп, качып кетти. Мен Иса Ахунбаевге барып "биз да кетсекпи, эч нерсе түшүнгөн жокпуз, кыйналып кеттик" десем, ал "чыдагыла, кыргыздан кадр жок" деп көндүрдү. Бүткүчө кыйналдык. Күнү-түнү дебей окуп, берген тапшырманын маанисин түшүнбөй ырча жаттап айтып берчүбүз. Мен ар дайым балдарыма адам жеңбей турчу эч нерсе жок деп айтам. Өзүмө "мен ким элем, ким болдум" деп калам. Азыр менде болгон-бүткөн наамдар бар. 

Хирург и общественный деятель, почетный директор Национального хирургического центра Кыргызской Республики, действительный член Национальной Академии наук КР, доктор медицинских наук, профессор Мамбет Мамакеев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев: мен Иса Ахунбаевге барып биз да кетсекпи эч нерсе түшүнгөн жокпуз, кыйналып кеттик десем, ал "чыдагыла, кыргыздан кадр" жок деп көндүрдү

— "Мал болбойт" деп келип жашап кеткендер көп болсо керек?

— Көп жыл мурун отуз беш жаштагы немис аял келди. Күйөөсү менен ажырашыптыр, бир баласы бар экен. Анысы жарашалы деп кайра-кайра келип жүрчү экен. Таң аткыча күйөөсү эшикте күтүп отуруп, эртең менен аялын кармап алып он бир жерине бычак менен саят. Аял өлдүм го деп мылтык менен өзүн-өзү оозго атат. Эми келгенде өтө коркунучтуу болчу. Ошол аял айыгып кетти. Кийин көпкө чейин кат жазып жүрдү.

… Бир жолу дарыгер болуп иштеген аял-күйөөсү уруша кетишет. Күйөөсү жини келип хрусталь күл түшүргүч менен башка чаап жиберет. Тез жардам өлдү го деп алып кетет. Күйөөсү ушунча кыйналганча асынып алайын деп, кайра ойлонуп кетип арактан ичип, анан ашканага кирип өзүн бычак менен сайгылай бериптир. Ооруканага араң жан, купкуу болуп келди. Кийин алардын үйүнө барсам аялы психикалык жактан оорулуу болуп калыптыр. Анан баягы күйөөсү тигинин бутун жууп отуруптур. Мына, өлөт деген кишилер. Жашоо ушундай оомалуу-төкмөлүү, балдарым.

Бир жолу лөлү аялды милициялар алып келишти. Бычак менен шылый тартканда ичегисинин баары сыртка чубалып чыгыптыр. Жыгылганда бир топ чубалып, анысын көйнөгүнө ороп алып келишти. Тиги аял өзү ырсыйып күлүп коет, мас экен. Арак адамга наркоздук абал берип коет. Оору, шок болуу деген болбойт. Милиция бул бандитти көптөн бери артынан аңдып жүргөнбүз дешти. Көрсө, үч лөлү бири-бири менен акчаны бөлүшө албай чатакташа кетип, тигинин ичин жарып салыптыр. Ичегиси бүт топурак болгон. Анан жуубадымбы кадимкидей. Эртеси палатага кирсем жок. Медайымдан качан өлдү десем, "жаңы эле жаткан" дейт. Чуркап чыксам, терезеде лөлүлөр менен сүйлөшүп жатыптыр. Он күндөн кийин чыгып кетти. 

Максим Бакиевдин көзү тууралуу

— Адам келгенде эле көзүнөн тагдырын билип койсо болобу?

— 2010-жылы Максим Бакиевди таанычу эмесмин. Бир жолу телевиздордон карасам зор жигит экен. Көзүнө суктандым. Аныкы көк менен каранын ортосунан чыккан бир башкача карышкырдыкындай көз экен. Мен көрүп эле акылдуу бала экен дегем. Биздин биринчи куралыбыз көз да. Келген кишинин ооруганын көзү айтат. Мен ошондуктан адамдын көзүнө карата мамиле кылам.

— Оорулуунун "мал болбой" турганын билгенде эмне кыласыздар?

— Ак халатчандын бир сөзү сырттагы адам үчүн бал да, уу да болот. Кандай абалда болбосун жооткотуп турабыз. Мен балдарга бир нерсени билип калсаңар акырайып карабагыла дейм. Алтымыш төрт жыл ичинде мен 80, 90 жашка чыккан кишилерге операция жасадым. Бир кишиден "ичээримди ичип, жээримди жедим, тим кой" дегенди уккан жокмун. Эптеп жанымды алып кал дегенди угуп келдим. Жан деген таттуу да. Өзүм жашоодо орой кишимин. Бирок оорулууга дайыма аяр мамиле кылам. 

Хирург и общественный деятель, почетный директор Национального хирургического центра Кыргызской Республики, действительный член Национальной Академии наук КР, доктор медицинских наук, профессор Мамбет Мамакеев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев: Муратбек Рыскулов деген залкар талант бар эле. Ал сокур ичегиси жарылып түнкү бирде бул жерге жеткиришти. Өзү да оорусун айтпаган киши эле. Кечигип да келип калды. Ошондо Рыскулов "эй Мамбет, жакшы келе жаттың эле, бир жаман атты кылып кетмей болдуң" деди. Өзү билди окшойт. Канча аракет кылдык, болгон жок.

— Ошентсе дагы өмүрүн сактай албай, колуңуздан ажал тапкандар болдубу?

— Болгон. Бизде ар бир хирургдун мүрзөсү бар деп айтылат. Муратбек Рыскулов деген залкар талант бар эле. Ал сокур ичегиси жарылып түнкү бирде бул жерге жеткиришти. Өзү да оорусун айтпаган киши эле. Кечигип да келип калды. Ошондо Рыскулов "эй Мамбет, жакшы келе жаттың эле, бир жаман атты кылып кетмей болдум" деди. Өзү билди окшойт. Канча аракет кылдык, болгон жок. Анан мен дайыма еврей кишиге чачымды алдырчумун. Бир жолу адатымча чач алдырайын деп отурсам, ага бир еврей айтып жатпайбы "Рыскулов жакшы киши эле, уктуңбу, ичин ачып туруп өлтүрүп коюшту" деп. Ошол замат башым айланып эшикке чыга качтым. Мына, элдин түшүнүгү. Ал өзү кечигип келип, өлдү деп эч ким ойлогон жок. 

— Агай оюбузду позитивдүү маанай менен жыйынтыктасак. Бала-чака, нерере-чөбөрөлөрүңүз тууралуу кеп сала кетсеңиз?

— Институтту бүтөр замат кемпирим Сокенге баш кошком. Аябай тың. Үйдө сайрап отурат. Мээси, кулагы,тили алданемедей. Жамбашы ооругандыктан аксап калат. Баарыбыз ошо кишини көзүн карап, баш ийебиз. Эки уулум бар. Бирөө 54 жашта. Илимдин кандидаты, мени менен иштейт. Андан эки небере, эки чөбөрөм бар. Экинчи уулум Канат 47 жашта. Эки жылдан бери менин ордумда жетекчи. Анын төрт баласы бар, улуу баласынан чөбөрөм бар.

Тема боюнча

Шал оорусун жеңген жигит: сөөктөрүмдү сындырып жатканда өзүмдү кордолгондой сезгем
Тубаса кереңдик, үмүт, шыпаагер. Бишкекте жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
Белгилер:
көз, маек, хирург, операция, Мамбет Мамакеев

ЭҢ МААНИЛҮҮ