Кыргызстандын чүрөгү: оронгон жоолугум карьерама жолтоо болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековАктриса, модель, "Кыргызстан сулуусу-2014" жана "Интернет KG сулуусу-2012" наамдарынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанованын архидик сүрөтү
Актриса, модель, Кыргызстан сулуусу-2014 жана Интернет KG сулуусу-2012 наамдарынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанованын архидик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан сулуусу атыккан Айкөл Аликжанова жашоого болгон багытын эмне себептен өзгөрткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Актриса, модель, "Кыргызстан сулуусу-2014" жана "Интернет KG сулуусу-2012" наамдарынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова хиджап кийди. Сулуу кыздын мындай кадамы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты.

Жашоо образын, ишенимин өзгөртүүгө эмне түрткү болгондугун Аликжанова өзү айтып берди.

— Мындай чечим кабыл алууга эмне түрткү болду?

— Мен өзүм эле ушундай деп чечтим. Жакындарым да колдошту. Мен бактылуумун.

— Социалдык тармактын колдонуучулары кандай кабыл алышты?
— Чоң колдоо табам деп ойлогон эмесмин. Бирок бир сутка ичинде 400 комментарий жазылып, 10 миң адам "жакты" деген белгини басыптыр. Эл менин чечимимди колдой турганын жазып, ден соолук, бакыт каалашты.

— Жагымсыз сөздөр айтылган жокпу?
— Бир нече гана жагымсыз пикирлер жазылды. Бирок алардын ишеним тууралуу толук маалыматтары жок болгондуктан терс пикирде болушса керек. Мүмкүн, алды кийин алар дагы ушул багытка келишет. Мен аларга тек гана жакшылык каалайм.

— Мындай чечимиңиз карьераңызга тоскоолдук жаратпайбы?

Кыргызстандык модель Карина Малая Дүйнө модели эл аралык сынагына катышат - Sputnik Кыргызстан
КР сулуусу "Дүйнө модели" сынагына алгач ирет катышат
— Менин жашоомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн бардыгы жакшылыкка багытталган деп билем. Албетте, хиджапсыз сүрөткө түшө албайм. Эгер режиссерлор талабыма макул болсо, мүмкүн долбоорлорго катышып калам. Эми кайрымдуулук жана коммерциялык иштер менен алектенүүнү пландап жатам. Хиджап кийген кыздарга арналган кийим-кечелерди чыгара баштадым. Өзүңөр көрүп тургандай менин ишенимим карьерама жолтоо болбойт. Тескерисинче, бардык нерсеге исламдан туруп караганды үйрөндүм.

Жаңылыктар түрмөгү
0