Акыйкатчы балдар үйүндө иштегендердин санын арттыруу керектигин айтты

© Фото / пресс-служба Омбудсмена КРОмбудсмен Кыргызстана Кубат Оторбаев
Омбудсмен Кыргызстана Кубат Оторбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оторбаев кичинекей балдарга каралган шарт, алардын тамактануусу жана азык-түлүк сакталуучу кампаларынын абалы менен таанышты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкек шаарындагы балдардын атайылаштырылган үйүн айттырбай барып текшерүүгө алганын Омбудсмен институтунан билдиришти.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кубат Оторбаев: демилгечилер Баш мыйзам боюнча коомдук пикирге кулак түрүп жатышат
Аталган балдар үйүндө жетимдер, ата-энесинин камкордугунан ажыратылган балдар, акылы жана физикалык өнүгүүсү жактан артта калган наристелер тарбияланат. Ошондой эле аталган мекеменин аймагында үй-бүлөлүк ресурстук борбор жайгашкан. Бул жакка ата-энелер балдарын күнү бою калтырып, кечинде алып кетишет.

Оторбаев кичинекей балдарга каралган шарт, алардын тамактануусу жана азык-түлүк сакталуучу кампаларынын абалы менен таанышты.

Учурда бул балдар үйүндө 90 бала тарбияланып, кызматкерлердин саны 80ди түзөт. Акыйкатчы балдарга толук кам көрүү үчүн балдар менен иштеген кызматкерлердин санын арттыруу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0