Сарпашев 777ААА номеринин сатылышын кайрымдуулук катары сыпаттады

© Фото / пресс-служба ГРСГлава Государственной регистрационной службы Тайырбек Сарпашев наблюдает за аукционом по продаже государственного номера 777ААА
Глава Государственной регистрационной службы Тайырбек Сарпашев наблюдает за аукционом по продаже государственного номера 777ААА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө комбинациядагы мамлекеттик номер аукциондо рекорддук суммага сатылды. Анын жүрүшүнө Сарпашев өзү көз салды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев 01 KG 777ААА мамлекеттик номерин сатып алган жеңүүчүгө ыраазычылык билдиргенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аталган номер 1 миллион 716 миң сомго (25,2 миң доллар) сатылып, аукцион үч жарым саатка созулган.

Сарпашев бул номерди сатып алган киши өлкө бюджетине олуттуу салым кошконун белгиледи.

"Аукциондон түшкөн каражаттын 91 пайызы өлкө бюджетине түшөт. Бул каражат өлкөнүн социалдык муктаждыктарына жумшалат. Бул номерди сатып алган киши кайрымдуулук кылды", — деди Сарпашев.

Калган 9 пайыз аукционду өткөрүүгө кеткен чыгымдарга жумшалат.

Номердин баштапкы баасы 60 миң сомдон башталган. Бул аукциондо сунушталган эң кымбат баа. Ага тогуз киши катышып, акырында эки гана киши калган.

Аукцион 21-сентябрдан бери өтүп жатат. "Кооз" цифралар деп эсептелген (мисалы 121) номер комплектилери соодалашуусуз сатылат, ал эми бирдей комбинациядагы цифралар же тамгалар ("өзгөчөлөр") алгачкы ирет онлайн-сатуу аркылуу сатылууда. 

Октябрдан тартып "өзгөчө" номерлер аймактарда сатыла баштайт. Бир айдын ичинде сатуу ишке ашырылат. Аукционго катышуунун эрежелери 

Электрондук тейлөө көрсөтүү www.e.srs.kg порталында "Онлайн-аукцион" бөлүмү бар, ага www.nomer.srs.kg дареги боюнча кирүүгө болот. Жеке кабинетке кирүү үчүн "Катталуу" торчосун басыңыз жана өзүңүздүн мобилдик номерди (XXX)-XXX-XXX форматында киргизиңиз; "Паспорт номери" талаасын басып, паспорттун (ID-карта) номери менен сериясын ANXXXXXXX форматында, ошондой эле өзүңүздүн ПИН-номериңизди (персоналдык идентификациялык номериңизди) көрсөтүңүз. 

Сиз жиберген телефон номерине онлайн-аукционго кириш үчүн сыр сөз жазылган SMS-эскертүү келет. Мамлекеттик каттоо кызматы 1-июндан тартып кадимки "тамга — төрт цифра — тамга" болгон номерлердин ордуна үч сан жана үч тамга менен кооздолгон мамлекеттик номерлердин комплектилерин берүүнү баштаган. 

Бул номерлерде болгону улуттук туунун сүрөтү эл аралык Кыргызстан — KG коду менен сакталып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0