БУУ: куш тумоосунун Борбордук Азияга тарап кетүү коркунучу чоң

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүТооктор, архивдик сүрөт
Тооктор, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ФАО Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстанга эпидемиялык көзөмөлдү күчөтүп, элге маалымат жеткирүүнү сунуштайт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү шейшемби күнү куш тумоосу вирусунун жайылып кетүү коркунучу жаралганы тууралуу маалымат таркатты. 

"ФАО Борбордук Азиядагы өлкөлөргө Тыва республикасындагы Убсу-Нур көлүндөгү сууда сүзүүчү келгин куштардын айынан вирустун жайылып кетүү коркунучу бар экенин эскертет. Буга байланыштуу ФАО буга чейин куш тумоосу байкалган Борбордук Азиядагы өлкөлөрдү жакшылап даярдык көрүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта. 

Оорукана кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бейтаптардын азайышынан кургак учук ооруканасы жабылмай болду
Уюмдан кабарлашкандай жай мезгилинде жапайы келгин куштарды текшерүүгө алганда H5N8 вирусу аныкталган. Бул оору үй канаттуулардын өлүмүнө алып келет. Ал эми Убсу-Нур көлү келгин куштардын борбордук-азиялык каттамындагы эс алуучу эң негизги аймагы болуп эсептелет. Буга байланыштуу ФАО Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстандын бийлигине эпидемиялык көзөмөлдү күчөтүп, элге маалымат жеткирүүнү сунуштайт. Мындан тышкары, куштар ооруп же өлө баштаса тез арада кабарлоо зарыл экени айтылат.

"Улуттук бийлик лабораториялар вирусту аныктоочу бардык жабдыктар менен камсыздалган көзөмөлдөшү керек. Ал эми канаттууларды кармаган фермерлер профилактика үчүн биологиялык коопсуздук чараларын активдештирүүсү зарыл", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, билдирүүдө эт азыктарын алууда сак болуу керек экени эскертилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0