Бишкекте жаштардын экстремизмге ооп кетишинин себептери талкууланды

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-Абад"Экстремизм деген эмне" аттуу буклетти окуп жаткан адам
Экстремизм деген эмне аттуу буклетти окуп жаткан адам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага жаш окумуштуулар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бейөкмөт секторлору жана окуу жайлардын окутуучулары катышты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Экстремисттер өздөрүнүн катарына жаштарды кандайча тартып алып жаткандыгы Бишкекте талкууланды. "Евразиялыктар — жаңы толкун" фонду менен республикалык "Манас" жаштар ордосу заманбап баалуулуктарды талкуулаган иш-чара уюштурушту. 

Фонддун директору Владимир Лю экстремизмге каршы күрөшүү үчүн туура мыйзам жазып коюу жетишсиз экенин баса белгиледи. 

"Идеологиялык база керек. Адеп-ахлакты көздөй багыты жок жаштар диний экстремисттик идеяларга бат берилет", — деп билдирди Лю.

Ал эми "Манас" жаштар ордосунун директору Бермет Каниметова кыргызстандык жаштар менен болгон ишти күчөтүү керек экенин айтты. 

"Жаштар кандай өлкөдө жашагысы келерин жана балдарына кандай келечек кааларын так билиши керек. Алар өз багытын так билгенде гана экстремисттик багыттарга баш бербей калышат", — деп белгиледи Каниметова. 

Иш-чарага жаш окумуштуулар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бейөкмөт секторлору жана окуу жайлардын окутуучулары катышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0