Оштогу дүң базардын соодагерлеринин чыгымдарын ким төлөйт?

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОштогу базардын архивдик сүрөтү
Оштогу базардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арызга базарда эмгектенген 150 соодагер кол коюп беришкен.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы дүң базардын соодагерлери аларды чыгымга учураткан тараптарды жоопкерчиликке тартуу талабы менен шаардык прокуратурага кайрылышканын соодагер Нуркул Шырдаков билдирди. 

Белгилей кетсек, Ош шаардык мэриясы дүң базардын сатуучуларын соода жайына киргизбей тосмолорду коюшкан. Буга 13-сентябрда базардын жашылча-жемиш сатуучу тарабындагы "Тешик-Таш" деп аталган жеринде кырсык катталып, андан 52 жаштагы аялдын көз жумушу себеп болгон. Сатуучулар азык-түлүктөрү чирип, чыгымга учурап жатышканын айтып каршылык акцияга чыгышкан. 

"Эки жумадан бери сатуучулар базар жабык болгондуктан азык-түлүктөр бузулуп, материалдык чыгымдарга учурашты. Ош шаардык мэриясы биздин нааразы экенибизге карабай Кербен Сарай деген тарапка көчүрүүнү каалап жатат. Бирок ал базарга эл көнбөгөндүктөн соода жүрбөйт. А биздин насыябыз бар. Маселени иликтеп, келтирилген чыгымдарды бизге төлөп берүү талабын коюп жатабыз", — деп билдирди Шырдаков. 

Белгилүү болгондой арызга 150 соодагер кол коюп берген. Ал эми базарда жалпысы 300дөн ашуун адам эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0