Бишкектин мэри жер алдындагы өтмөктө сүрөт тартпоону өтүнөт

© Sputnik / Данияр СандыбаевБишкектин жер алдындагы өтмөктүн архивдик сүрөтү
Бишкектин жер алдындагы өтмөктүн архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кызматтардын жумушчулары өтмөктөрдү бейбаштардын сүрөттөрүнөн жууп тазалоо менен убара.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектин мэри Албек Ибраимов калаа тургундарынан жер алдындагы өтмөктөрдө сүрөт тартпоого чакырды. Мындай өтүнүчүн шаар башчысы өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Анын айтымында, "Тазалыктын" кызматкерлери өтмөктөрдү ар кандай жазуу-сызуулардан тазалоо менен убара.

"Урматтуу шаардыктар, граффити ар кандай болот. Эгер сүрөт аркылуу айрым бир социалдык көйгөйдү жеткирүүнү кааласаңыз, мэрияга кайрылыңыз. Биз сиз жараткан эмгекти шаардагы имараттардын дубалдарына жайгаштырууга жардам беребиз", — деп жазды мэр.

Шаар башчысы сүрөттөрдү жөн эле тарта бербөөгө чакырды.

Буга чейин активисттер менен мэрия жашоочулардын макулдугу менен үйдүн дубалына граффити тартуу боюнча долбоор уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0