Бишкектин жер алдындагы өтмөктөрү тазаланууда

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык""Тазалык" ишканасы тарабынан жер алдындагы өтмөктөр тазалоо иштери.
Тазалык ишканасы тарабынан жер алдындагы өтмөктөр тазалоо иштери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" ишканасы Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүнүн, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги жер өтмөктөрдү иретке келтирүүдө.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Тазалык" ишканасы тарабынан жер алдындагы өтмөктөр тазаланып жатканын шаардык мэриядан билдирди. 

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүнүн, Чүй проспекти менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги жана Лев Толстойдогу жер алдындагы өтмөктөр иретке келтирилип жатат. 

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун тазалакты сактоого чакырат. 

Белгилей кетсек, калаада 11 жер алдындагы өтмөк бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0