Айыл өкмөттөрдү ачык болууга окутуп жатышат

Жазылуу
Окутуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана басылмалардын ортосундагы мамилени жакшыртууга багытталган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. 39 айылдан келген өкүлдөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугу, бул жааттагы кыйынчылыктары жана жетишилген ийгиликтер туурасында бири-бирине айтып берип, тажрыйба аламашат. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.

Андан сырткары аларды жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштөөгө үйрөтүшөт. Европа Биримдиги тарабынан каржыланган бул эки күндүк иш-чарага сынамык долбоорго кирген 39 айыл өкмөттүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары, айыл өкмөт башчылары, алардын кызматкерлери катышат.

"Максат — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана басылмалардын ортосундагы мамилени жакшыртуу. Аны менен кошо ачык- айкындуулукту, жоопкерчиликтүү мамилени, акыйкаттуулукту бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзүү", — деп билдиришти уюштуруучулар.

Иш-чара эки күн — 26-28-сентябрда Бишкек шаарында өтүп, аталган долбоорду Европа Биримдиги каржылоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0