ШКУ мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын маалымат агенттиги пайда болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовШКУ жаштарынын эл аралык маалымат агенттигинин www.sconews.info аттуу сайты
ШКУ жаштарынын эл аралык маалымат агенттигинин www.sconews.info аттуу сайты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттик эл аралык журналистка тармагындагы жаш адистердин тажрыйба топтоп, алдыга жылышына шарт түзөт.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Россиянын Омск шаарында өткөн Шанхай кызматташтыгы уюмунун жаш лидерлеринин форумунда ШКУ жаштарынын эл аралык маалымат агенттиги ачылды. Бул тууралуу "Россиянын жаштар кеңеши" бирикмесинин расмий сайтында маалымдалды.

23-сентябрда Омск шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш лидерлеринин форуму өттү. Ал жакта жаштар экономикалык, илимий, гуманитардык, маданият жана маалыматтык тармакта кызматташуунун келечегин талкуулашты.

"Медиа жаатында кызматташуу боюнча талкууда www.sconews.info сайты ачылды. Анын маалымат борбору уюмга мүчө ар бир мамлекетте ачуу пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган сайт жаш адистердин тажрыйба топтошуна шарт түзүп бермекчи.

Форумдун жыйынтыгында резолюцияга кол коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0