Аскат Мусабековдун айылга каты. Комбайнчы байкелер, акыңарды арзан эле кылгылачы

© Фото / Эрмек ЖенишовАтактуу ырчы жигит Аскат Мусабековдун архивдик сүрөтү
Атактуу ырчы жигит Аскат Мусабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар айылга катты атактуу ырчы жигит Аскат Мусабеков жазып, сагынычтуу саламын кичи мекенине жолдоду. Ырчы айылга аттанганда эмнеге шашкалактап, темир тулпары менен ашыккан тейде кантип жетээрин бул жерден окуңуз.
Аскат Мусабеков: Быйыл чөп жакшы болду десе абдан кубандым

Кыргыз Эл артисти, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саламат Садыкованын айылга каты. Килем токугандагы кыялдар жана ырчылык
Ойлоп көрсөм, колума калем алып кат жаза элегиме көп болгон экен. Студент кезде ата-энеме почта аркылуу жазып жөнөтөөр элем. Бүгүн болсо киндик кесип, кир жууган кичи мекеним Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылына кат жазамын.

Амансыздарбы айылдаштар, аталар-апалар, байке-инилер, айылдагы классташтарым! Бул катты буюрса, баарыңар окуйсуңар деп ишенем. Айылга баратканда дайыма шаша бермей адатым бар. Эмнегедир машинени катуу айдап барам. Анан Ак-Моюн айылы деген жазууну көргөндө өх-х… деп жүрөгүм ылдыйлай түшөт. Анда четинен айта берейин. Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери Бакы, Доолдай аталарым жакшы жүрүшөбү? Жаштары токсондон өтүп айылдын эң эле улуу аксакалдары болушту окшойт. Ии баса, ылдыйкы айылдагы Абдыгазы агай дагы токсондон өттү. Ал киши кандай жүрөт?

Чөп жакшы чыгыптыр, эми жакшылап жыйнап алсаңар экен…

Быйыл буюрса айылда чөп жакшы чыкты дегенди угуп, абдан кубандым. Мурдагы жылы бекен айтор, баары эле Нарын эли, анын ичинде биздин айыл да абдан кыйналып калдыңар. Кыш узак болду. Ал жылы жай да кургакчыл тартып, чөп такыр эле чыкпай калбады беле.Ошол жылы катуу кыйналдыңар. Мал арык болуп, бээлер да бала салган. Бирок ошондо да мамлекетке доо артып, телерадиого чыгып даттанган жоксуңар. Кайратыңарга, сабырыңарга бир топ эл "бали" дешти. Анткени Ат-Башыда тиричиликтин көбү малга байланыштуу да. Ошого быйыл чөп жакшы чыгыптыр десе кубанып жатпаймынбы. Эми чөп-чабырыңарды коромжу кылбай жакшылап жыйнап алсаңар экен. Тигил комбайн айдап, техника иштеткендерге чогулуп айткыла, тейлөөнүн баасын көп асмандата беришпесин.

Стипендияны буюрса, май айында берем

Мектепте иштеген эже-агайларымдын баардыгына салам айтам. Буюрса, келерки 25-майда барам. Билесиңер да үч-төрт жылдан бери чоң атам Манайдын атындагы стипендияны сабагын жакшы окуган, мыкты иштеп жыйынтык көргөзгөн мугалимге тапшырып келем. Манай атам өмүрүн агартууга арнаган көрөгөч адам эле. Ал эми стипендия ийгиликке үндөөчү стимул болсун.

КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Динара Акулованын айылга каты. Сагыныч, ээн там жана Аң-Өстөнгө жетелеген сезим
Өткөнда да суук кабар уктум. Карагул агайды ээсине берипсиңер, арты кайрылуу болсун. Жакшы агай эле. Жубайы Райхан эжеге, уулу Кайнууга көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар. Биз болсо жакшы жатабыз. Иштерим буюрса, жакшы. Чыгармачылык менен эле алпурушуп дегендей. Билинбей айылдан кетип, уядан учканыма 14 жылдын жүзү болуптур. Быйыл буюрса, чыгармачылыма он жылдын болуптур. Жакын арада Түштүк Корея өлкөсүнө чыгармачылык сапар менен кеткени турам. Анда эмесе баарыңар аман-эсен тургула. 

Кат жазган уулуңар, замандашыңар, КРдин маданиятынын мыкты кызматкери, Улуттук филармониянын солисти Аскат Мусабеков. Сентябрь, 2016-жыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0