Казакстандык операторлор 10 күн ичинде интернетке жаңы тариф сунуштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтернет зымын компьютерге туташтырып жаткан адам. Архив
Интернет зымын компьютерге туташтырып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күтүлүп жаткан сунуштарга ылайык, тарифтердин баасы төмөндөшү керек.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандык байланыш операторлору 10 күн ичинде интернетке болгон баанын жаңы тарифтерин сунушташы керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Байланыш операторлор ассоциациясынын директору Нурбек Абасканов билдирди. 

Эске сала кетсек, август айынын башында жергиликтүү интернет провайдерлер баанын өсүшүн жар салып, мындай өзгөрүүлөр Казакстан тарабынан баанын көтөрүлүп жатканына байланыштуу болгон. КРдин интернет провайдерлери бир гана Казакстан менен иштешет. 

"Кыргызстандын монополияга каршы кызматынын өкүлдөрү Казакстандык байланыш операторлору менен жолугуп, абалды түшүндүрүп берүүнү суранды. Алар 10 күн ичинде жаңы тарифтерди сунуштай тургандыгын билдирди", — деди Абасканов. 

Ал канткен күндө да маселени Евразиляык экономикалык комиссиянын деңгээлине чейин көтөрүү керектигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0