Бишкекте пансиондун алдына 80 жаштагы кемпирди таштап кетишти

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТаякча кармаган кемпир
Таякча кармаган кемпир - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын жанында эч кандай документ жок болуп чыкты. Жакшы сүйлөй албагандыктан анын чоо-жайын да билүүгө мүмкүн болгон эмес.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Белгисиз адамдар Бишкектеги "Ардагер" пансионунун алдына кемпирди таштап кетишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынын фельдшери Рысбек Букарадинов билдирди.

Бишкектиктер байбиченин оор баштыгын көтөрүшүп жардамдашабы – соцэксперимент
Анын айтымында, аялды кечээ, 23-сентябрь күнү саат 15.00дө Күрөңкөев көчөсүндөгү мекеменин арткы эшигинин алдына таштап кетишкен. Күбөлөр кемпирдин 4,5 саат ошол жерде жатканын айтышты. Ал эми Тез жардамга билдирүү саат 19.26да түшкөн.

Букарадинов окуя болгон жерге өзү барган. Ал кемпирдин бир көзү көрбөй, жакшы сүйлөй албай, мындан тышкары бир жак капталы кыймылдабай турганын айтты.

"Буту-колу тытылып, ар кайсы жери канталаптыр. Арт жакка ташталгандыктан пансиондун кызматкерлери көрбөй калышса керек. Документтери жок экен. Биз аны Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна алып бардык", — деди Букарадинов.

Ал эми аталган институттун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков алдын ала маалымат боюнча кемпирдин баш мээси чайкалганын, болжол менен 80 жашта экенин белгиледи. Учурда ал ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Ушу тапта пансиондун жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0