Бишкекте угуу жана сүйлөө боюнча заманбап борбор ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПольшадагы угуу жана көрүү боюнча белгилүү заманбап борбор Бишкекте өзүнүн филиалын ачты
Польшадагы угуу жана көрүү боюнча белгилүү заманбап борбор Бишкекте өзүнүн филиалын ачты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профессордун айтымында, борбор жүргүзгөн изилдөө Кыргызстандагы балдардын 15-17 пайызынын кулагы ооруй тургандыгы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Польшадагы угуу жана көрүү боюнча белгилүү заманбап борбор Бишкекте өзүнүн филиалын ачты. Буга демилгечи болгон профессор Хенрик Скаржинский Sputnik Кыргызстан агенттигине эмне үчүн аталган борборду дал Бишкекке ачып жаткандыгын айтып берди. Жана ал телемедицинанын мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрдү.

Бул "Мединкус" клиникасынын дүйнө боюнча төртүнчү филиалы. Ал Польшада 2002-жылдан тарта иштеп келет. Бизге Кыргызстандан көп балдар келет, кудайга шүгүр, алардын көбүнө операция жасалып, угуу жана сүйлөө бактысына ээ болушту. Борбор Азиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстандын балдары үйүнөн көп алыстабай, өз учурунда сапаттуу медициналык жардам алышын каалайт элем", — деп айтты дарыгер.

© Sputnik / Табылды КадырбековПольшадагы угуу жана көрүү боюнча белгилүү заманбап борбор Бишкекте өзүнүн филиалын ачты
Польшадагы угуу жана көрүү боюнча белгилүү заманбап борбор Бишкекте өзүнүн филиалын ачты - Sputnik Кыргызстан
1/4
Польшадагы угуу жана көрүү боюнча белгилүү заманбап борбор Бишкекте өзүнүн филиалын ачты
© Sputnik / Табылды КадырбековБул "Мединкус" клиникасынын дүйнө боюнча төртүнчү филиалы. Ал Польшада 2002-жылдан тарта иштеп келет
Бул Мединкус клиникасынын дүйнө боюнча төртүнчү филиалы. Ал Польшада 2002-жылдан тарта иштеп келет - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бул "Мединкус" клиникасынын дүйнө боюнча төртүнчү филиалы. Ал Польшада 2002-жылдан тарта иштеп келет
© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор жүргүзгөн изилдөө Кыргызстандагы балдардын 15-17 пайызынын кулагы ооруй тургандыгын аныкталган
Борбор жүргүзгөн изилдөө Кыргызстандагы балдардын 15-17 пайызынын кулагы ооруй тургандыгын аныкталган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Борбор жүргүзгөн изилдөө Кыргызстандагы балдардын 15-17 пайызынын кулагы ооруй тургандыгын аныкталган
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы клиниканын өзгөчөлүгү — бизде телемедицина кеңири колдонулат да, жергиликтүү дарыгерлер күн сайын польшалык кесиптештери менен кеп-кеңеш куруп, тажрыйба алмашып туруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Жаңы клиниканын өзгөчөлүгү — бизде телемедицина кеңири колдонулат да, жергиликтүү дарыгерлер күн сайын польшалык кесиптештери менен кеп-кеңеш куруп, тажрыйба алмашып туруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жаңы клиниканын өзгөчөлүгү — бизде телемедицина кеңири колдонулат да, жергиликтүү дарыгерлер күн сайын польшалык кесиптештери менен кеп-кеңеш куруп, тажрыйба алмашып туруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
1/4
Польшадагы угуу жана көрүү боюнча белгилүү заманбап борбор Бишкекте өзүнүн филиалын ачты
2/4
Бул "Мединкус" клиникасынын дүйнө боюнча төртүнчү филиалы. Ал Польшада 2002-жылдан тарта иштеп келет
3/4
Борбор жүргүзгөн изилдөө Кыргызстандагы балдардын 15-17 пайызынын кулагы ооруй тургандыгын аныкталган
4/4
Жаңы клиниканын өзгөчөлүгү — бизде телемедицина кеңири колдонулат да, жергиликтүү дарыгерлер күн сайын польшалык кесиптештери менен кеп-кеңеш куруп, тажрыйба алмашып туруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Профессордун айтымында, борбор жүргүзгөн изилдөө Кыргызстандагы балдардын 15-17 пайызынын кулагы ооруй тургандыгын аныкталган.

"Биз аталган багыттагы программабызды мындан 25 жыл мурда баштаганбыз жана ал тажрыйбаны азыр кыргызстандык кесиптешерге берүүнү каалайбыз", — деди польшалык доктор.

Жаңы борбордун директору Ирина Пежиньскаянын айтымында, бул жерден угуусу боюнча көйгөйү бар кардарларды дарылап жана реабилитациядан өткөрүшмөкчү. Ал жаңы ачылган клиниканын өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

Операция жасап жаткан хирургдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Тубаса кереңдик, үмүт, шыпаагер. Бишкекте жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
"Жаңы клиниканын өзгөчөлүгү — бизде телемедицина кеңири колдонулат да, жергиликтүү дарыгерлер күн сайын польшалык кесиптештери менен кеп-кеңеш куруп, тажрыйба алмашып туруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Алар угууну калыбына келтирүү үчүн кулактын ичине жалгаштырылган кохлеардык импланттарды аралыктан иштетип жана улам ылайыктап, төп келтирип, жөндөп турушат", — деп билдирди Пежиньская.

Польшалык адис Адам Валковиак Sputnik Кыргызстанга пациенттин дарылануусунда башкысы имплантты туура коюу маанилүү экендигине токтолду.

"Импланттын киргизүүдөн кийинки биринчи этап — жабдууну жеке, өз алдынча ылайыктоо. Дарылоонун жыйынтыгы аппаратты туура төп келтирип, баптоого (настройка) байланыштуу болот. Туура эмес кылып алса, кардардын ден соолугуна зыянын тийгизиши мүмкүн. Мен азырынча, Польшадан аппараты туура баптап, ылайыктоону аралыктан туруп көзөмөлдөп турам. Балким, кийинчерээк ийгиликтүү болуп калса, тажрыйбамды кыргызстандык адистерге өткөрүп берем. Буюрса, алар ишти андын ары өздөрү алып кетет. Бирок, буга убакыт керек. Маселен, мен бул иш менен 19 жылдан бери алектенип келем", — отметил Валковиак.

Буга чейин атактуу отохирург, оториноларингология жаатындагы адис Хенрик Скаржиньски кыргызстандык төрт бөбөккө операция жасап, кохлеардык имплант тагып, жалгаштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0