Ороктун эли балдары менен турган энени коюп кеткен айдоочуну табуу үчүн чогулду

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү
Милиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аймакта абал тынч. Чогулган эл үйлөрүнө тарап кетти.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын жака белиндеги Орок айылынын тургундары балалуу энени коюп кеткен айдоочуну табуу үчүн чогулушту. Бул тууралуу жол кырсыгынан каза болгон аялдын туугандары билдирди. 

Кайгуул милициясынын айтымында, буга чейин Infiniti үлгүсүндөгү унаа эки баласы менен турган энени коюп, из жашырып кеткен. Окуя калаадагы түштүк батыштагы көрүстөндүн жанында болгон. 

Наезд на пешеходов с участием джипа Infiniti в юго-западном кладбище столицы - Sputnik Кыргызстан
Милиция эки баласы менен бараткан аялды коюп кетти делген айдоочунун сүрөтүн жайылтты
Алдын ала маалыматтар боюнча ошол эле айдоочу скутердин айдоочусун сүзүп, май куючу жайдагы тосмого кирип кеткен. Бирок ал качып кетүүгө үлгүрүп, учурда издөөгө алынды. Ал эми 23 жаштагы келин окуядан каза болгон. 

Каза болгон аялдын жакындары чогулуп, айылда күнөлүүнү издегенин билдиришти. Учурда кыштакта абал тынч. 

Ал эми ИИМден элдин чогулгандыгы тууралуу маалыматты тастыктап, эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0