Бийлик атылган тоо текелер менен сүрөткө түшкөндөрдү издеп жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовFacebook социалдык тармагынын колдонуучусу Канимет Майрамбековдун постунан тартылган кадр. Атылган төрт тоо теке — олжосу менен сүрөткө түшкөн эркек кишилер
Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Канимет Майрамбековдун постунан тартылган кадр. Атылган төрт тоо теке — олжосу менен сүрөткө түшкөн эркек кишилер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта атып алган тоо текелер менен сүрөткө түшкөн үч кишинин сүрөтү кызуу талкууну жаратууда. Эгерде аңчылык Кыргызстан аймагында жасалган болсо, браконьерлерге айып салынып, ал тургай эркинен ажыратылышы да мүмкүн.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Атылган төрт тоо теке — олжосу менен сүрөткө түшкөн эркек кишилердин ким экендиги жана кайдан экендиги иликтөөгө алынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Токой чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев билдирди. 

Социалдык тармакта бул сүрөт кызуу талкууну жаратууда. Сүрөттүн кайда тартылганы тууралуу маалыматтар жок. 

"Эгерде аңчылык Кыргызстан аймагында жасалган болсо, браконьерлерге ар бир тоо текенин башы үчүн 400 миң сомдон айып салынып, ал тургай эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мыйзам боюнча видео жана сүрөт түздөн-түз далил болуп бере алат", — деди Мусаев.

Милициядан иликтөө иштерин баштаардан мурда, тоо текелерге аңчылык кайсыл аймакта жасалгандыгын аныктоо зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0