Жээнбеков: кыргыз тили — өлкөдөгү улуттарды бириктирген каражат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилин өнүктүрүүгө өкмөт тарабынан көңүл бөлүнүп жаткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин мамлекеттик тил күнү менен куттуктаганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы эне тил ата-бабалардан калган ыйык мурас экенин белгилейт. 

"Кыргыз тилин коомубуздагы улуттар аралык ынтымакты чыңдоонун куралы катары кабыл алуубуз зарыл. Кыргыз өкмөтү мамлекеттик тилди толук, кеңири колдонууга жетишүү, аны улуттар аралык карым-катнаштын тилине айлантуу милдетине өзгөчө көңүл буруп жатат", — деп билдирген өкмөт башчы.

Ал белгилегендей кыргыз тили мамлекеттеги бардык улуттар үчүн кыргыз тили жана маданияты ынтымактын, биримдиктин каражаты болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0