Диаспора: Астана шаарынын акимиаты кыргыз тилин окутууга шарт түздү

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүАстана шаарынын архивдик сүрөтү
Астана шаарынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын мектептеринде беш миңге жакын этникалык кыргыздар менен эмгек мигранттарынын балдары окушат.

АСТАНА. – Sputnik. Астана шаарынын акимиаты этникалык кыргыздар менен мигранттардын балдарына кыргыз тилин окутуу үчүн шарт түзүп бергендиги тууралуу кыргыз диаспорасынын төрагасы Шавкат Исмаилов билдирди. 

Анын айтымына караганда "Кыргызстан-Астана" этномаданий бирикмесинин алдында жекшемби сайын иштөөчү "Кут билим" мектеби иштеп келет.

"Мектеп 2007-жылы эле түзүлгөн. Алгач мугалимдердин маянасы менен имаратка кеткен каражатты өзүбүз каржылап келгенбиз. Мектептин негизги максаты — кыргыз тилин сактоо жана үйрөтүү. Билим берүү борбору такай иш алып барып жаткандыктан, Астана шаарынын акимиаты №7 мектеп гимназиядан бир класс бөлүп берүү чечимин чыгарды", — деп билдирди Исмаилов. 

Диаспора башчысы жекшемби сайын иштеген мектепте этникалык кыргыздардын 30га чукул балдары билим аларын белгиледи. Сабактар Казакстанда чыккан "Эне тили" китеби менен өтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0