Таласта терс диний агымдардын кесепеттери талкууланды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМечитке келген киши. Архив
Мечитке келген киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жыйынга Талас казыяты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, райондук прокуратура, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана мектеп директорлору катышты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Таласта терс диний агымдарды алдын алуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Милиция кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ошто "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар делген укук коргоочу кармалды
Маалыматка ылайык, Талас казыяты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, райондук прокуратура, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мектеп директорлору, айыл аксакалдары менен коомчулуктун катышуусунда экстремизмди жана радикалдуу диний агымдарды алдын алуу максатында атайын жыйын өткөрдү. 

Облус казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казынын орун басары Касым ажы Сыдыков экстремизмдин коомго келтирүүчү олуттуу зыяны боюнча түшүндүрүп, ислам дини экстремизм менен терроризмге каршы экендигин айтышты. 

Ал эми катышуучулар түшүнбөгөн суроолорун узатышып, терс диний агымдар тууралуу кеңири маалымат алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0