Аукциондо жаңы рекорд — 999ААА унаа номери 300 миңге чукулдап барды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын каттоо кызматынын https://nomer.srs.kg аттуу сайтынан алынган кадр. 999ААА номерин сатуу
Кыргызстандын каттоо кызматынын https://nomer.srs.kg аттуу сайтынан алынган кадр. 999ААА  номерин сатуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул номер эки күндүк онлайн-аукциондогу эң кымбат сатылган номер болуп саналат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Аукциондо унаа номери үчүн 282 миң сом төлөндү. Бул тууралуу онлайн-сатуунун сайтында айтылат.

Онлайн-сатуу 21-сентябрда башталган. "121" сыяктуу кооз унаа номерлери аукциону жок сатыкка коюлат. Ал эми өзгөчө комбинациялуу номерлер Кыргызстанда биринчи жолу онлайн-аукцион аркылуу сатылып жатат.

999ААА номерин сатып алууга 10 адам билдирме берген. Бирок 4 гана адам гарантиялык төлөмдү төлөп, аукционго катышты. Соода 40 миң сомдон башталган.

Буга чейин онлайн-аукциондо 888ААА өзгөчө номери 180 миң сомго сатылган. Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 1-июнунан тарта унааларга мамлекеттик номерлердин жаңы үлгүсүн сата баштаган. Азыркы үлгүдө номер үч сандан жана үч тамгадан турат. Тушунда Кыргызстандын туусунун сүрөтү мурдагыдай эле сакталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0