Атамбаев Түркиядагы чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын жергиликтүү ЖМКларынын билдиришинче аэропорттон өзүн жаман сезген Атамбаев Түркиянын Измир шаарынын Чешме аймагындагы мейманканалардын бирине жайгашкан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркиядагы чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөп жатканын президенттик аппараттан билдиришти.

Эске салсак, 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн бараткан өлкө башчысы Стамбулга конгондо өзүн жаман сезип, жүрөк тушу ооруп жатканын айткан. Аны аэропорттон Тез жардам кызматынын унаасы менен алып кетишкен.

Оорукана. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
КМШ президенттеринин кеселдери. Жүрөк, бөйрөк, кан басым…
Мындан улам өлкө башчы сентябрь айынын аягына чейин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан.

Президенттик аппарат Атамбаев кайсыл мейманканага жайгашканын тактаган жок, бирок анын абалы жакшы экенин кошумчалады. 

Түркиянын жергиликтүү ЖМКларынын билдиришинче Атамбаев Түркиянын Измир шаарынын Чешме аймагындагы Shareton атындагы мейманканага жайгашкан.

Интернет колдонуучулар аталган мейманканадагы президенттик номер күнүнө 11 миң доллар экенин жазып, талкуулашууда. 

Sputnik Кыргызстан Shareton мейманканасына чалып номерлердин баасын билди. Алар люкс номерлердин баасы күнүнө 850 доллар, ал эми пентхаустун баасы 6400 долларды түзөрүн маалымдашты. 

Президент Алмазбек Атамбаевге буга чейин кандай операциялар жасалып, кайсы өлкөдөн медициналык кароодон өткөнү туурасында Sputnik Кыргызстандын төмөнкү материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0