Султанбекова: бир аскер бөлүктө 71 бала өлдү, анан ким баласын аскерге жиберет?

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомат кармаган аскердин архивдик сүрөтү
Автомат кармаган аскердин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова маселени тез арада чечүү демилгесин көтөрдү.
Чолпон Султанбекова: согуш болбосо эмнеге бизде жоокерлер өлүш керек?

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бир эле аскер бөлүгүндө 71 бала өлүптүр, анан кайсыл эне баласын аскерге жиберет? Маселени "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова парламентте сүйлөп жатып көтөрдү. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова
Депутат Чолпон Султанбекова - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова

Эске сала кетсек, сентябрь айынын башында Ош облусундагы №01525 аскердик бөлүгүндө ефрейтор менен катардагы жоокер мушташып, бирөө каза болгон.

Кемер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто аскерлер мушташып, бирөө каза болду
"Сентябрдын башында Ошто бир жоокер мушташтан каза болду. Ата-энеси уулун сабап өлтүргөн дешүүдө. Ушул эле аскердик бөлүктө 71 бир бала өлүптүр. Учурда алардын иши сотто экен. Бизде согуш болбосо эмнеге мынча бала өлүшү керек? Баарыбыз мырзалар аскерге барсын деп жатабыз. Анан кайсыл эне жиберет? Ошон үчүн президент менен өкмөт башчынын ЖКдагы өкүлүнө кайрылып, маселени иликтеп чыгууга чакырат элем", — деди Султанбекова. 

Өз кезегинде вице-спикер Нурбек Алимбеков аталган маселе боюнча териштирүү болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0