Рада Түмөнбаева: Аксыдагы канал иштебей суунун баары кошуналарга кетүүдө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаеванын архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты аталган канал бүткөрүлсө тарыхый кадам жасалмак деген пикирде.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаева парламентте Аксы районундагы Ак-Терек каналын иштетүү маселесин көтөрдү. 

Эл өкүлү аталган каналды иштетүү боюнча бир канча жылдан бери аракеттерден майнап чыкпай жатканына токтолду. 

"Канал иштеп калса карапайым калкка чоң жардам болмок. Анткени суунун баары кошуна өлкөгө агып кетип жатат. Эгерде канал бүтүп калса тарыхта калчу чоң иш болмок. 2017-жылкы бюджетке кирбей калыптыр, карап көрүп киргизип коюңуздарчы", — деди депутат. 

Түмөнбаева өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Ашырбек Темирбаевге аталган маселени карап чыгууну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0