Өкмөт Интернетти Казакстандан башка өлкөдөн алууну караштырып жатат

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Телефон кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Телефон кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанды Интернет менен Казакстан камсыздап турат. Буга чейин Интернет кызматына болгон тарифтик баалар көтөрүлгөн болчу.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Өкмөт Интернетти алууда альтернативалык варианттарды да карап жатат. Бул тууралуу премьер министр министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы парламенттин отурумунда депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, казакстандык провайдерлердин бааны жогорулатып жибериши боюнча маселени чечүү үчүн мамлекеттик маалымат технологиялар комитетине тапшырма берилгендигин белгилеп өттү.

"Учурда Интернет жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Бул маселе саясатка айланып кете электе тез арада чечүү аракетин көрүп жатабыз. Казакстандан башка да өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат", — деди Жээнбеков.

Ноутбукта кино көрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Интернет жай иштегени аз келгенсип эмнеге кымбаттап кетти?
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Homeline, "Акнет" жана Megaline компаниялары 10-сентябрдан баштап баалар өзгөрүп, Интернеттин ылдымдыгы 3-4 эсе төмөндөй турганын расмий билдиришкен. Алардын берген маалыматы боюнча 1-августтан тарта Казакстан Кыргызстандын компанияларына Интернеттин баасын 2-3 эсе жогорулатып жиберген.

Кыргыз жана казак бийликтери бул маселени чечүү боюнча аракеттерини көрүп жатат.

Кыргызстан Интернетти кайдан жана кантип ала тургандыгын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0