Ош ОИИБ: картондо уктаган Исхактын атасы Эрлан эки жылдан бери дайынсыз

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-АбадаМилиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт
Милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зульфиянын эки жолдошу тең дайынын билдирбей кетишкен. Атасыз калган үй-бүлө турмуштун оор сынагына кабылып, баш калкалар жайы жок көчөдө калышкан.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап калган Исхактын атасы тогуз жылдан бери жакындарына байланышка чыккан эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош ОИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. 

Кыйналып жашаган үйбүлөнүн архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ош: Исхактын апасы үй-бүлөнүн тагдыры элге шардана болуп кеткенине өкүнүүдө
Буга чейин соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган. Кийинчерээк ал баланын аты Исхак экени, апасы Зульфия Үсөнованын төрт баласы бар экени аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон. 

Аширбаевдин айтымында, Исхактын атасы 37 жаштагы Эрлан Камардинов болуп эсептелет. Ата-энесинин үйүнөн 2007-жылы чыгып кеткен бойдон алар менен кайра байланышка чыккан эмес. 

Камардинов 2007-жылы Кадамжай районунун Халмион базарында иштеп жүргөн мезгилинде Зульфия Үсөнова менен баш кошкон. 2008-жылы уулдуу, 2010-жылы кыздуу болсо, 2012-жылы үчүнчү баласы Исхак төрөлгөн. 

"2014-жылы Камардинов ата-энесине, аялына эч нерсе айтпай Россияга кетип калган. Ошол бойдон үйүнө кайтып келбей дайынсыз болгон. 2015-жылы атасы Сыражидин Камардинов каза болгондо да анын тажиясына катышкан эмес", — деди Аширбаев. 

Facebook социалдык тагмагынан тартылган сүрөт. Картондо уктап жаткан 3 жашар Исхак - Sputnik Кыргызстан
Ош: Исхак бир айлык бөбөгү менен реабилитациялык борборго жайгаштырылды
Зульфия Үсөнова 2014-жылдын октябрь айында экинчи ирет Ахмат Абдылдаев деген кишиге турмушка чыгат. Экөө 2015-жылдын июль айларында Кадамжайдан Кара-Суу шаарына иштегени келишет. Бирок какаганга муштаган болуп, Үсөнованын экинчи жолдошу дагы дайынын таптырбай кеткен. 

Кийин аймактык тескөөчү Үсөнованын кайрылуусунун негизинде жолдошу Абдылдаевди таап жолуктурган. Бирок пикир келишпестиктерден улам ал 2016-жылы жубайын таштап Бишкекке иштегени кетип калган. Ошол бойдон үй-бүлөсүнө кол кабыш эткен эмес. 

Учурда жергиликтүү бийлик аталган үй-бүлөгө жардам берип, документтерин калыбына келтирип берди. Мындан тышкары, турак жай маселеси да каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0