Рыскелди Момбеков: өпөң-чычаң өкмөткө ичи чыккан адам жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү жакшы иш алып барбай жатат деген пикирде.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Өпөң-чычаң өкмөткө ичи чыккан адам жок. Мындай пикирин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске салсак, ушул тапта Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат өтүп жатат. Анда мигранттардын көйгөйү, "коопсуз шаар" программасы, чек ара маселеси жана жол кырсыктарын алдын алуу жаатында талкуу болууда.

"Урматтуу Сооронбай Шарипович, беш ай мурун жаңы программаңызды алып келгенде сизге ишендик эле. Тилекке каршы "Биримдик жана ишеним" программаңыз иштебеген эле нерсе болуп калды. Учурда өпөң-чычаң өкмөткө ичи чыккан адам жок", — деди Момбеков.

Депутат өкмөт мүчөлөрүнө эч кандай суроосу жок экенин, кайрылуу эмес, кайгыруу катары кабыл алып коюңуз деп суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0