Бакиевдин учагын сатуудан түшкөн 3 млн доллар кайда жумшалганын айтып беришти

© flickr.com / john skewesBeechcraft SuperKingAir-350 учагынын архивдик сүрөтү
Beechcraft SuperKingAir-350 учагынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2008-жылы экс-президент Курманбек Бакиев үчүн учак сатылып алынган. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин ал аба кемеси улутташтырылган болсо, былтыр 3,1 миллион долларга аукцион аркылуу сатылган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Экс-президент Курманбек Бакиевдин учагын саткандан түшкөн акча каражаты карызды төлөөгө жумшалган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызстан" авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы Жолдошбек Бектурганов билдирди.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
7-апрель соту: өмүр бою абакка кесилген Бакиевдин жазасы өзгөртүлүп, 30 жылга кесилди
2008-жылы, ошол эле жылы чыккан Beechcraft SuperKingAir-350 учагы (B300 үлгүсү) аукцион аркылуу ошол убактагы президент Курманбек Бакиев үчүн 6,3 миллион долларга сатып алынган эле.

Бул аба кемеси Транспорт жана коммуникация министрлигинин балансында турган. Апрель окуясынан кийин ал мамлекеттик "Эйр Кыргызстан" компаниясына өткөрүлүп берилген. Ал эми 2015-жылдын аягында учак 3 миллион 130 миң долларга сатылган. Тендерди Aerovista FZE (Бириккен Араб Эмираты) жоопкерчилиги чектелген уюму жеңип алган.

"Учакты сатуудан түшкөн каражаттын жарымын, тагыраак айтканда 1,3 миллион долларды 2013-жылы Boeing 737 300 аба кемесин сатып алгандагы карызды жабууга жумшадык", — деди Бектурганов.

Анын берген маалыматына караганда, компания дагы бир учакты финансылык лизингдин жардамы менен алуунун пландап жатат. Бакиевдин учагын сатуудан түшкөн каражаттын калган бөлүгүн алдын ала төлөм катары төгүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0