Камчаткада өспүрүмдү сактап калган КР жарандары сыйланды

© REUTERS / POOLБлокнотко жазып жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Блокнотко жазып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктарга ыраазычылык кат тапшырылды. Аймактын жетекчилиги куткаруучулар чыныгы эрдик көрсөтүшкөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бүгүн Камчаткада өспүрүмдү ажалдан алып калган Кыргызстандын үч жаранын сыйлоо иш-чарасы өткөнүн аймак өкмөтүнүн сайтында жарыяланган.

Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакшылык жерде калбайт. Камчаткадагы кыргызстандыктардын эрдиги
Эскерте кетсек, 21-август күнү үч кыргызстандык жаран өлүм алдында жаткан 14 жаштагы баланы сактап калышкан. Өспүрүм чоң энесинин артынан химиялык каражаттар менен тазаланган ороого түшүп, эс-учун жоготуп койгон. Аны куткарууга катышкан эки кыргызстандык аз жерден көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап кала жаздады. Жергиликтүү тургундар бийликтен алардын бекер дарылануусун жана татыктуу сыйлануусун талап кылышкан. 

"Кыргызстандын жарандары Махамаджон Шералиев, Козимжон Адилов жана Саибжан Турсунмуратовго Камчатка крайынын губернатору Владимир Илюхиндин атынан ыраазычылык кат тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкүл кыргызстандыктарга сыйлык тапшырып жатып, алардын адамдын өмүрүн сактоого багытталган эрдигин жогору баалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0