Дерматолог: биттен арылтам деп энеси баласын өлтүрүп алган

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыгер операция убагындагы архивдик сүрөт
Дарыгер операция убагындагы архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда педикулезго кабылгандардын саны дээрлик үч эсе өсүп кеткен.

Пляждагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарылабаса, эмне болот? Кыргызстанда көп кездешүүчү жыныстык оорулар
Кибиреген бит кандай кесепеттерге алып келе турганын, аны эмне үчүн кечиктирбей дарылоо керектигин Sputnik Кыргызстан кабарчысына врач-дерматолог Гүлага Байрамов айтып берди. 

Педикулез же жөн эле бит басуу — бул жугуштуу дарт. Ал адамдын денесинде биттин үч түрүнүн пайда болушунан козголот. Бит айрым олуттуу ооруларды алып жүргөндүктөн, педикулез коркунучтуу дарт болуп эсептетет. 

— Битти көбүнчө кайдан жуктуруп алышат? 

— Балдар көбүнесе бала бакчадан, чоңдор коомдук унаадан "ала келишет". Бир эле бит түшсө болду, дарт илээшти дей бериңиз. Себеби паразит өз жумурткасын — сирке таштап, андан тез эле жаңылары чыгат. 

— Бит эмнеси менен коркунучтуу? 

— Биринчиден, мунун өзү эле жагымсыз нерсе. Алар үй жаныбары эмес да, багып алгыдай. Педикулез күчөп кетсе, адам бир нече ай бою андан арыла албай кыйналат. Анын үстүнө бит дары-дармекке бат ылайыкташып, көнүп алат. Демек, паразиттер денеде да пайда болот. Жаман жери, баштын бити кийимге жукчу канаты жок түрүн пайда кыла алат. Ал өзүнүн түзүлүш өзгөчөлүгүнө байланыштуу дайыма чачтын арасында жашай албайт. Бит кийимге кыпчуурлары менен жабышып, жакшы ыңгайлашып алат. Мындай абалга жеткирбеш үчүн өз убагында дарыланган оң. 

— Аны кантип дарылайт?

Медицина символу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биттегендер 14 эсеге көбөйдү
— Дарыгерге кайрылуу керек. Адис катары айтарым, педикулезго каршы дарылардын көбү өтө кымбат. Шампунь же паразиттерге каршы спрей арзаныраак, бирок эң арзаны, албетте, майда тарак. Мунун баарын чогуу колдонуп, баштагы биттен арылса болот. Мурда баары керосин менен дарыланышчу, бирок бул кооптуу нерсе. Деги эле элдик каражаттар менен этият болуш керек. Бир жаш жигитти педикулездон дарылайбыз деп өлтүрүп алышкан учур да болгон. 

— Биттеп өлүп калдыбы? 

— Жок, биттен эмес, аны дарылагандан. Апасы катуу чара көрөм деп, денесинин жабыркаган жерлерине сымап сүйкөгөн экен… Алгач бөйрөгү иштебей калып, анан бала көз жумган. 

— Педикулез кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн? 

— Бит чакканда дене дүүлүгүп, адам муну көп көтөрө албайт. Тырманып атып жара кылат. Канталаган жерге кир-чаң, паразиттин заңы кирет. Жарага инфекция да жугушу ыктымал. Мындай сезгенүүлөрдү биттин өзүнөн арылгандан кийин дарылаган учурлар көп. Андан да чач түшүп калышы мүмкүн. Көп тарай бергенден чачтын тамыры аябай жабыркагандыктан, жөн эле күбүлүп калган учурлар болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0