Депутаттар атасын зордуктаган баланы катуу жазага тартууну демилгелешти

Жазылуу
Демилгени "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев сунуштап, аталган көрүнүштү айбаначылык деп атады.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Атасын зордуктаган адамды катуу жазага тартыш керек. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. 

Эске сала кетсек, ушул тапта ЖКнын отуруму болуп, эл өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун карап жатышат. 

"Кечээ күнү ЖМКларда атасын зордуктаган адам тууралуу маалымат чыкты. Бул деген айбанчылык да. Буга окшогондорду катуу жазага тартыш керек. Булар өзүнчө катаал шартта отуруш керек", — деди депутат. 

Мындан тышкары, Тиллаев негизи эле педофилдерди катаал жазалоо керек деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0