Атамбаев жайгашкан Измирдеги мейманкананын алдында тез жардам күзөтүүдө

© AFP / BULENT KILICТез жардам автоунаасы. Архивдик сүрөт
Тез жардам автоунаасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө башчысы Измир шаарынын Чешме аймагындагы мейманканалардын биринде.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жайгашкан мейманкананын алдында тез жардам кызматы күзөтүп жатканын Haberler сайты билдирди. 

Аталган сайттын маалымдашынча, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Атамбаев Измир шаарынын Чешме аймагына алып келинген.

"Кечинде Атамбаев Измирдин Аднан Мендерес аэропортуна келип, Чешмедеги мейманкалардын бирине жайгашты. Дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган өлкө башчы жайгашкан мейманкананын алдында тез жардам турат", — деп жазат аталган сайт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди Стамбулдагы аэропорттон медициналык замбил менен алып кеткендеги видео
Ал эми президенттин маалымат катчысы Алмаз Усенов Атамбаевдин абалы жакшы экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Эске салсак, 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн бараткан өлкө башчысы Стамбулга конгондо өзүн жаман сезип, жүрөк тушу ооруп жатканын айткан. Аны аэропорттон Тез жардам кызматынын унаасы менен алып кетишкен

Ажо Атамбаевдин буга чейин ооруган учурлары тууралуу Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0