Меккеде ажылыкка барган зыяратчылар ишембилик өткөрүштү

© Фото / пресс-служба ДУМК КРКыргызстандык ажыга барган мусулмандардын архивдик сүрөтү
Кыргызстандык ажыга барган мусулмандардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тазалоо иштерине Татарстандын муфтийи Камил Смагулин да катышып, зыяратчылар сооптуу иш кылып жатышканын билдирди.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Зыяратка барган ажылардын тобу Мекке шаарынан кайтуу алдында өзүлөрү жайгашкан жайды иреттеп, көчөдөгү таштандыларды тазалап чыгышканын муфтияттан билдиришти. 

Аталган тазалоо иштерине Татарстандын муфтийи Камил Смагулин да катышып, зыяратчылар сооптуу иш кылып жатышканын билдирди. 

"Дүйнө элдеринен келгендерди айтпаганда Россиядан эле 10 миң адам келген. Калаа бийлигинин тазалык ишин жүргүзүп, тартип орнотууга чамасы келбей жатат деп айтууга болбойт. Ошентсе да Мекке шаарынын кызматтарына көмөк көрсөтүүгө кириштик", — деди Смагулин.

Эске салсак, Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, анын баасы 2600 долларды түзгөн. Ажылар 18-сентябрдан тарта Кыргызстанга кайта башташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0