Базар-Коргондо кыз-келиндерге экстремизмдин алдын алуу ыкмалары үйрөтүлдү

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-АбадЭкстремизмге каршы конференциядан архивдик сүрөт
Экстремизмге каршы конференциядан архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутууну райондун имамы Тынчтык ажы Шаиков өтүп, Сирияга кетүү туура эмес кадам экенин түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда кыз-келиндерге экстремизмдин алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлгөнүн муфтият билдирди. 

Маалыматка ылайык, окутуу медреседе райондун имамы Тынчтык ажы Шаиков тарабынан жүргүзүлгөн. 

"Иш-чаранын жүрүшүндө Сирияда болуп жаткан туура эмес көрүнүштөр, агымдар, ал жакка кеткендердин абалдары айтылды. Ошондой эле Сирияга баруу туура эмес экендиги Куран аяттарынан жана Пайгамбарыбыздын (САВ) хадистери менен далил келтирилди", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, окуп жаткандарга аялдын орду, илимдүүлөрдүн даражасы, ислам дини, терс диний агымдар туурасында түшүнүктөр айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0