Изилдөө: көгүчкөндөр бир сөздү экинчисинен айырмалай алчу жөндөмгө ээ

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарында борборунда учуп жүргөн көгүчкөндөр
Бишкек шаарында борборунда учуп жүргөн көгүчкөндөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар буга чейин маймылдарды жаныбарлар дүйнөсүндөгү акылдуу жандык деп келишсе, эми бул "наамга" канаттуулар дагы татыктуу болчудай.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жаңы Зеландия менен Германиянын психологдору кадимки эле көгүчкөндөр бирден баштап тогузга чейин санаганды эле билбестен, компьютер экранындагы маанилүү сөздөрдү түшүнөрүн байкашкан.Бул тууралуу РИА Новости Proceedings of the National Academy of Sciences журналына шилтеме кылып жазып чыкты.

"Көгүчкөндөр мындан 300 миллион жыл мурун эволюцияга дуушар болуп, алардын мээси адамдын мээсинен кескин түрдө айырмаланат. Канаттуулардын маалыматты кабыл алып, аны түшүнө билгендиги бизди абдан таң калтырды", — деди Рура (Германия) университетинен Онур Гюнтюркюн.

Карга. Архив - Sputnik Кыргызстан
Изилдөөчүлөр өзгөчө жөндөмгө ээ карганын түрүн таап чыгышты
Окумуштуулар бир нече канаттууларды алып, тажрыйба жүргүзүшкөн. Биринчи жолкусунда канаттууларга 26дан баштап 58 сөзгө чейин жаттатышкан. Андан кийин белгисиз англис сөздөрүн жана ошол эле тыбыштар айтылган тамгалардын айкалышуусун көргөзүп, мааниси бар сөздөр менен мааниси жок сөздөрдү канчалык деңгээлде айырмалай аларын байкашкан.

Тажрыйбанын жыйынтыгында көгүчкөндөр абракадабра (сыйкыр сөз) сөзүн башка сөздөрдөн 50 пайыз жогору ыктымалдык менен аныкташкан.

Мындан тышкары, көгүчкөндөргө көрсөтүлгөн тамгалар менен такыр аларга окшобогон тамгалардын айкалышын айырмалоодо бул канаттулардын тапкычтыгы 90 пайызга чейин жеткен.

Изилдөөчүлөр көгүчкөндөр жөн гана сөздөрдү жаттап калбастан, алардын концепциясын да эске тутуп, аларды айырмалай алат деген жыйынтыкка келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0