Балыкчыда снаряддын жарылышы жана аскердин өлүмү боюнча иш сотко өттү

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСот залынан архивдик сүрөт
Сот залынан архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын май айында Балыкчыда ок-дарынын жарылышынан бир аскер каза тапкан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Аскердик прокуратура Балыкчы шаарында снаряддын жарылышы жана андан каза тапкан аскер боюнча тергөөнү аяктап, иш сотко өттү. Бул боюнча Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Курман болгон аскердин берети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жай турмушта курман болгон аскер кызматкерлери
Үстүбүздөгү жылдын май айында Балыкчы шаарында жайгашкан 20636-аскердик бөлүгүндө снаряд жарылып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер каза тапкан. Башкы штаб мурда кабарлагандай, маркум снарядга таш ыргыта берген. Мындан улам кызып калган ок-дары жарылып кеткен. 

Иш Кылмыш кодексинин 316 (байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген жосун) жана 244-беренелери (ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды сактоо боюнча милдетти талаптагыдай аткарбоо) боюнча козголгон. 

Ал эми тергөөнүн жыйынтыгында "Эдельвейс" окуу борборунун мурдагы жетекчиси С.Т.га кесиптик милдеттерине шалаакылык мамилеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0