Өзбекстан: кыргыз-өзбек чек арасындагы 23 талаш тилке иликтенди

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүЧек арачылардын архивдик сүрөтү
Чек арачылардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку алты күн ичинде өкмөттүк топтор талаа текшерүүлөрүн жүргүздү.

БИШКЕК, 20 сен — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациялары эки өлкөнүн чек арасындагы 23 тилкени иликтеп чыкканын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен Sputnik Өзбекстан билдирди.

Башта министрлик иликтөө эки өлкөнүн мамлекеттик чек араларындагы талаш тилкелер көйгөйүн чечүү үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

"Бекитилген графикке ылайык, 2016-жылдын 14-20-сентябрында Жалал-Абад жана Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору 23 талаш тилкени биргеликте текшерүүдөн өткөрүшкөн", — деп айтылат билдирүүдө. Жыйынтыгында протокол түзүлгөн.

СССР урагандан бери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларынын дээрлик төрттөн бири талаш боюнча турат. Бул көрүнүш чек арада дайым чыр жаратып келет. Акыркы үч жылда бул аймакта курал колдонулган ондогон окуя орун алган. 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргени аталган республиканын мамлекеттик чек арасы интеграциялык чеги болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0