Кремль Атамбаевдин тез арада сакайып кетишин каалайт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосквадагы кремльдин архивдик сүрөтү
Москвадагы кремльдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий Кремль КР президентинин оорусу тууралуу толук маалыматы жок экенин белгиледи.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кремль Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин оорусу тууралуу маалыматтарды Интернеттен гана билүүдө жана президенттин тез арада сакайып кетишин каалайт Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

"Маалыматыбыз жок. Биз Алмазбек Шаршеновичтин тез арада сакайып кетишин каалайбыз", — дейт Песков.

Эскертсек, Кыргызстандан Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйынына бараткан учурда президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, делегация Стамбулга конууга аргасыз болгон. Атамбаев алгачкы медициналык кароодон өтүп, мындан улам өлкө башчысы 10 күнгө эмгек өргүүсүнө чыккан. 

Алмазбек Атамбаевге буга чейин кандай операциялар жасалып, кайсы өлкөдөн медициналык кароодон өткөнү туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0