Роза Отунбаева БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөйт

© AP Photo / Seth WenigПрезидент Кыргызстана Роза Отунбаева
Президент Кыргызстана Роза Отунбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент Нью-Йоркко ЕККУ төрагасынын чакыруусу менен жөнөп кетти.

Бишкек, 20-сен. – Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында сөз сүйлөй турганын "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондусу билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин жүрөгү ооруп, Америкага бараткан сапарын токтотуп, Стамбулга конду
Сессия 19-24-сентябрь күндөрү Нью-Йоркто өтөт.

Отунбаева сессияга Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасы, Германия ТИМнин башчысы Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен барууда.

Экс-президент аталган сессияда ЕККУнун потенциалын бекемдөө боюнча доклад жасайт.

Ал эми 19-сентябрда Отунбаева БУУ тармагынын лидерлер кеңешинин жолугушуусуна катышып, маанилүү тармактардагы Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча чараларды өнүктүрүү маселелерин талкуулоого катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0