Президенттин аппараты: Атамбаевдин абалы дурус

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын президента Алмазбек Атамбаевдик архивдик сүрөтү
Кыргыз Республикасынын президента Алмазбек Атамбаевдик архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн, ал бир топ тапшырмаларды бергендигин айтты.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевди ооруканага жаткыруу боюнча кеп козголо элек. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усенов аппарат жетекчиси Фарид Ниязовго шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Эске салсак, Кыргызстандан Нью-Йоркко бараткан учурда президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлаганынан улам делегация Стамбулга конууга аргасыз болуп, медициналык алгачкы кароо жасалган. 

"Өлкө башчы телефон аркылуу бир топ тапшырмаларды берип, ооруканага жатуу боюнча эч нерсе айткан жок. Бул тууралуу кийинчерээк белгилүү болот", — деди Ниязов. 

Президент ооруканага көрүнгөндөн кийин Стамбулдагы мейманканалардын биринде эс алганы кабарланган.

Президент Алмазбек Атамбаевге буга чейин кандай операциялар жасалып,  кайсы өлкөдөн медициналык кароодон өткөнү туурасында Sputnik Кыргызстандын төмөнкү материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0