Тубаса кереңдик, үмүт, шыпаагер. Бишкекте жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүОперация жасап жаткан хирургдун архивдик сүрөтү
Операция жасап жаткан хирургдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын ооруганынан ашык азап болбос. Ал күн азыр артта калганы менен азабы канча болгонун биздин бүгүнкү каарман Каныкейдин жакындары эле билет. Эми ошол үмүт отун жандырган дарыгер Кыргызстанга келип жатыптыр. Анда сөз башынан болсун.

Үйдөгүлөр кичинекей Каныкейдин үнгө реакция кылбаганына, аны жанындай жакшы көргөндөрдүн чакырганына жооп кылбаганына камтама боло баштаган. Бул туурасында Каныкейдин таянеси Өрүкгүл Жумабаева төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Бишкек шаарындагы Куруучулар бейтапканасындагы сурдологго алып барсак, дарыгерлер баланын кулагы укпай турганын тастыктады. Алар оорунун кайсыл деңгээлде экенин аныкташ керек экенин айтышты. Аны бала уктап жатканда текшериш керек экен. Текшергенден кийин эки тараптуу нейросенсордук кереңдик дешти. Жаман болгонубузду сурабаңыз", — деп айтып берди ал.

Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакшылык жерде калбайт. Камчаткадагы кыргызстандыктардын эрдиги
Ошентип жанды эзген күндөр коштоп, Каныкейдин дартына даба издеп, сүйлөшпөгөн дарыгерлер, кирбеген интернет булактар, форумдар калган эмес. Алматыга барып, дагы бир ирет текшерттирип, ооруну казакстандык дарыгерлер да тастыктаган. Дартка даба издеген ата-эне, таята, таенеси дос-тааныштардын маалыматы менен Германия, Түркия, Россия, Израиль сыяктуу мамлекеттердин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн тинтип, караштырып чыгышат.

Операция жасаттырып, аппарат койдуруу максатында каражатты кайдан болсо да табуу максатында болгон мүмкүнчүлүгүн жумшашкан.

"Жашап турган үйүбүздү сатыкка койсок же ал өтпөйт. Биздин кайгыбыз туурасында маалымдар болуп калган Саламаттык сактоо министрлигинин ошол кездеги жетекчиси бир күнү телефон чалып, Польшадан адистердин атайы тобу келгендигин айтты. "Жал" кичи районундагы балдар ооруканасына барып, небереме жардам бере ала тургандыгын, тагыраагы кохлеардык имплантация койсо болорун айтышты",— деди таяне.

Польша бөбөккө добуш угузганда

Ошентип тагдыр Каныкей менен анын жакындарын Польшага алып барды. Уйкусуз түндөр, учактан учак которуп отуруп, жол азабы менен бирге чыргоолонгон баланын ыйы коштоп аталган өлкөнүн астанасын атташты. Кудай жалгап, Польшадагы Угуу жана сүйлөө боюнча эл аралык борбордун жетекчиси профессор Хенрик Скаржиньскинин жасаган операциясы бөбөккө дүйнөнүн добушун таанытты. Азыр кичинекей Каныкей угуп, аздан болсо да сүйлөп калды. Демек, дартка даба болгон медицина күчүндө.

Бишкектеги травматология жана ортопедия улуттук институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Башкы дарыгер Кубатбеков: Терактыдан жаракат алгандардын абалы жакшы, үйүнө чыгардык
Ошол атактуу отохирург, оториноларингология жаатындагы адис Хенрик Скаржиньски жетектеген доктурлар тобу эми Кыргызстанга келе жатат. Алар Эне-баланын саламаттыгын коргоо боюнча улуттук борбордун 55 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан эл аралык конференцияга катышып, доклад жасашат.

Профессор Хенрик Скаржиньскиден Каныкейдин ийгиликтүү тарыхын сураганыбызда балдарга жардам берүүгө даяр экенин, анын операция столунан биздин төрт бөбөк өткөнүн айтты.

"Биз Кыргызстандан төрт бөбөккө кохлеардык имплант тагып, жалгаштырдык. Бардыгы ийгиликтүү болду. Анткен менен иш муну менен эле бүтүп калбайт, андан кийин узак убакытка чейин реабилитация процесси жүрөт", — деди профессор.

Дагы бир жакшы кабар — Польшадагы Угуу жана сүйлөө боюнча эл аралык борбордун филиалын Бишкекте ачыла турган болуп жатат. Профессор кыргызстандык жана польшалык отоларингологдордун кызматташуусу бул жааттагы жергиликтүү медиктердин потенциалын арттырат деген ниетте экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0