Биринчи күнү эле 143 өзгөчө мамлекеттик номер сатылды

© Фото / пресс-служба ГРС КРПроизводство новых автомобильных номеров для Кыргызстана
Производство новых автомобильных номеров для Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө комбинациялуу номерлер онлайн-аукцион аркылуу дагы сатылат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 19-сентябрдан тарта өзгөчө комбинациядагы мамлекеттик номерлер сатыкка чыгарылып, биринчи күнү эле 143 комплект сатылганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Мындай номерлерди алууну каалагандар таң эрте кезекке турушкан. Мамлекеттик каттоо кызматы тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн кардарларга талон берилген.

Айдоочулар негизинен 101, 202, 303, 404, 505, 606, 707, 808, 909, 011, 022, 033, 044, 055, 066, 077, 088, 099, 110, 220, 440, 550, 660, 770, 880, 990 комбинациалуу номерлерге кызыгышкан. Ошондой эле Бишкек шаарынын коду болгон 312 сандагы номерлерди алууга ашыгышкан.

Жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номер. Архив - Sputnik Кыргызстан
KS эмес, KG! Кыргызстан эл аралык реестрде кодун алмаштырды
Анда сырткары, "ААА" тамгаларынан турган номерлер да айдоочулар арасында суроо-талапка ээ болгон. 707 жана 505 комбинациялуу номерлерди сатып алууну 200дөн ашык киши каалаган.

Өзгөчө номерлерди сатуунун биринчи күнү 570 миң сомго 143 номер сатылган. Бул каражат республикалык бюджетке түшөт.

Номерлердин 119у Бишкек шаарында сатылса, Ошто — 3, Жалал-Абадда — 4 жана Чүй облусунда 17 номер сатылган.

Өзгөчө комбинациядагы номерлердин баасы 2700 миңден 5000 сомго чейин жетет.

Белгилей кетсек, 21-сентябрда 111, 222, 333, 444, 555 номерлери онлайн-аукцион аркылуу сатылат. Ал эми өзгөчө комбинациядагы 666, 888, 999 мамлекеттик номерлер 22-сентябрда сатыкка коюлса, 28-сентябрда 001 жана 777 комбинациялуу номерлер сатылат. Бул аукционго катышуу үчүн nomer.srs.kg сайты аркылуу каттоодон өтүп, кепилдик төлөмүн төлөө кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0