Бишкекте СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаев эскерилет

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүСССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевдин архивдик сүрөтү(ортодо)
СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевдин архивдик сүрөтү(ортодо) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Композитор, опера ырчысы, актер, мугалим, коомдук ишмер Абдылас Малдыбаевдин быйыл 110 жылдыгы белгиленет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевдин 110 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси өтө турганын мэрия билдирди.

Журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Түндүктөн түшкөн редактор" же саясатта орду жоктолгон Эшимканов. Эскерүүлөр
Маалыматка ылайык, 21-сентбярга белгиленген иш-чарага маданият ишмерлери, маркумдун ага-тууганы жана студенттер катышат. 

Кечеде Малдыбаевдин калемине таандык чыгармалар жаңырып, өмүр жолу тууралуу баяндалат.

Кыргыз ССРинин гимнине авторлук кылгандардын бири Абдылас Малдыбаев 1906-жылы Кеминдин Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келип, 1978-жылы каза болгон. 

Эскерүү иш-чарасы саат 10.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0