Азимжан Аскаровдун соту октябрдын башында каралат

Жазылуу
Сот бул ишти Чүй облустук соту жаңыдан ачыкка чыккан жагдайлардан улам кайра кароону чечкен.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Улуттар аралык жаңжалды козуткан деп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук соту 4-октябрда карай турганын Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Жогорку сот Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти Чүй облустук соттун кароосуна жиберген. Сот жаңыдан ачыкка чыккан жагдайлардан улам ишти кайра кароону чечкен. Ал эми Аскаровдун адвокаттары анын кыйноого кабылганын айтып, БУУнун адам укугу боюнча комитетинин чечимине таянуу менен Аскаровду түрмөдөн бошотууну талап кылышкан.

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катышканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0